Эки кыргызстандык балбан кадеттер арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбандар Будапешттеги кадеттер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Грек рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев жана 51 килограмм салмакта Нуристан Сүйөркулов алтын утуп, дүйнө чемпиону болушту. Андан тышкары Нурболот Бердикулов (45 кг) коло байге утту.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча мелдеште Имронбек Рахманов (45 кг) коло медаль жеңген.

Мелдеш 19-25-июль күндөрү болуп өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД