Чоң Чүй каналынан кишинин жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Учурда маркумдун өздүгү такталууда. Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Белгилүү болгондой, 25-июлда Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси сууда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон кишинин сөөгүн суудан чыгарышты. Жансыз дене укук коргоочуларга өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД