УКМК Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулунун кармалышы мэриянын жер ресурстары боюнча башкармалыктын кызматкери пара менен колго түшүрүлгөн ишке байланыштуу. Бул маалыматты бүгүн, 26-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бухгалтер кыз пара үчүн алган акчанын бир бөлүгүн - 6000 доллар акчаны кайра берип жатканда кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кафенин ээси 9000 доллар пара берген. Бул Түгөлбай ата көчөсүндөгү реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу болчу. Кафе оңдолуп жаткан жолдун жээгинде жайгашкан.

Басма сөз кызматы билдирген расмий маалымат боюнча, бухгалтер кыздын көрсөтмөсүндө бул ишке вице-мэр катышканы тууралуу айтылган. Анын негизинде Азамат Сагындык уулу 24-июлда кармалып, УКМКнын абагына кармалды.

Бул ишке катышкан башка адмдарды аныктоо багытындагы тергөө иштери уланып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД