Кыргызстанда 464 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда (саат 11:00гө карата) 464 миң 47 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун порталында айтылат.

Эмделгендердин ичинен 108 миң 124 киши вакцинанын эки дозасын тең, биринчи дозасын 355 миң 531 адам алган.

Белгилей кетсек, Электрондук саламаттык борборундагы маалыматтар улам жаңыланып турат.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 29-мартта башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД