Токио Олимпиадасы: Бир күндө 16 кишиден коронавирус аныкталды

Акыркы суткада Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышкан 16 адамдан коронавирус аныкталды.

Уюштуруучулардын айтымында, алардын үчөө спортчулар. Оюндарда илдетти жуктургандардын жалпы саны 146га жетти.

Японияда коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу жума күнү башталган Олимпиада көрүүчүлөрсүз өтүп жатат. Жекшемби күнү Токиодо оорунун 1763 жаңы учуру катталды.

Токио Олимпиадасынын үчүнчү күнүндө 21 комплект медаль ойнотулат.

Алардын биринчиси - эркектер арасындагы триатлон. Бул мелдеше норвегиялык Кристиан Блюмменфельт жеңүүчү аталды. Экинчи орунда Улуу Британиялык Алекс Ии, үчүнчүдө Жаңы Зеландиялык Хайден Вильде.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД