Ош облусунда "положенец" – криминалдык чөйрөдө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери 23-июлда Ош облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.А.ны кармашты. Ал – Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы. Ошону менен бирге ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган жана буга чейин соттолгон.
Милициянын маалыматына караганда, 10-июлда М.А. шериктери менен бирге кафенин алдында Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, барсеткасын тартып алышкан. Барсеткада 1 миң 600 доллар жана 48 миң сом бар болчу.
Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси менен (Ээнбаштык) КЖБРга катталган.
М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.