Каныкей Кубанычбекова: "Чоң жыйынтык көрсөтүүгө даяр болчумун"

24-июль күнү ок атуучу Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады.

Кыргыз ок атуучусу Олимпиадада 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээлеген. Муну менен Каныкей Кубанычбекованын жайкы Олимпиада оюндарындагы жүрүшү токтоду.

Кубанычбекова Олимпиадада көп тажрыйба топтогонун айтып кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу видео билдирүү жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий баракчасында жарыяланган.

"Алгачкы Олимпиадам, мелдеш жакшы деңгээлде өттү. Жакшы, чоң жыйынтык көрсөтүүгө даяр болчумун, бирок жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Олимпиададагы алгачкы катышуум болгондуктан көп тажрыйба, келе жаткан мелдештериме жаңы мотивация алдым. Буюрса, сентябрь айында боло турган Азия чемпиондугуна даярдыктарды бүгүндөн баштадым.

Кыргыз элим, жерим колдооңуздарга чоң рахмат. Ар бир мүнөт сиздердин колдооңуздарды сезип жаттым жана ишеничиңиздерди актоого аракет кылам", - деп билдирген Кубанычбекова.

Белгилей кетсек, Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД