Министр: эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет берилет

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкунунун туу чокусу артта калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg басылмасына курган маегинде билдирген.

Анын айтымында, жуктуруунун жаңы учурлары басаңдап баратат, ал калкты эмдөөнүн негизинде дагы азаят.

"Балдар сентябрда кадимкидей эле окууга барып калышы үчүн эмдөөнү тездетип жатабыз. Жаңы дем берүүчү ыкмаларды ойлоп таап жатабыз. Мисалы, вакцина алгандарга бонус катары 10 гигабайт интернет берилет. Учурда ведомство кафе жана ресторандар менен вакцина алгандарга арзандатууларды уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар да мындай иш-чараларга макул. Анткени, алар дагы ишин кадимкидей алып баргысы келет", - дейт министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД