Вакцина алып каза болгон аялдын окуясы: Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

Алдын ала маалыматка караганда, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө көз жумган Назгүл Исакова коронавирус менен ооруп жаткан. Бул тууралуу АКИpress агенттигине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Ал коронавирус менен ооруп жүргөн экен, ошого байланыштуу абалы оорлошуп кеткен болушу мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза дагы жүргүзүлүп жатат. Азырынча өлүмүнүн себебин так айтуу эрте", - деди ал.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө 46 жаштагы Назгүл Исакова каза болгон. Ал ооруканага аллергиялык реакция менен түшкөн.

Туугандары Исакова коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын айынан көз жумганын айтып жатышат.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги комиссия түзүп, окуяны иликтеп жатканын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД