Садыр Жапаров көзүнө операция жасатты

Мамлекет башчысынын имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынуусу тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан тушүндүрмө берди.

"Президент Садыр Жапаровтун жакында көзүнө операция жасалгандыгына байланыштуу, имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүрүүгө туура келди. Мамлекет башчысына хирургиялык операцияны талап кылган көздүн төмөнкү жапкагынын энтропиону диагнозу коюлган",- дешти аталган мекемеден.

Энтропион - бул көздүн кабагы менен кирпиктин көздүн карегине карай бурулуусу. Бул көздүн тынымсыз дүлүгүүктүрүп жаш чыгуусуна алып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД