Инвестициялар министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Нурадил Баясов инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Мындан мурда ал Министрлер кабинетинин инвестиция, ишкерчилик жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагы боюнча бөлүм башчы болуп иштеген. Ага чейин ал Инвестицияларды коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары болгон, убактылуу директор кызматын аткарган.

Баясов кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД