УКМКнын кызматкерлери кылмыштуу казынаны толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-июлда.
"Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири көлөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк "кылмыш казынасын" толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар аныкталды.
24-июлда УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү: С.С., М.А. жана М.У. кармалып, алар жашаган үйлөргө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында жасалма 6800 АКШ доллары табылды", - деп айтылат маалыматта.
Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча сот жообуна тартылып, №26 жатак абагында жаза өтөгөн.
Кармалгандар убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.