Бишкекте эс алуудан кийин таштандыларын жыйнабай кеткен сүрөт талкууда

Социалдык тармактарда дем алыш күндөрү шаардыктар эс алгандан кийинки көрүнүш талкууга алынды. Анда "Тёплые Ключи" эс алуу жайында таштандыларды атайын челекке салып кетүүнүн ордуна көз көрүнөө жерге таштап кетип калышкандыгын көрүүгө болот.

Сүрөттү бөлүшкөн колдонуучулар ар кандай нааразычылык пикирлерин жазышкан.

"Японияда коноктор келип жыйнап тазалап берер деп карап, күтүп отура берели эми. Ага чейин таштандылар да көбөйүп калар".

"Уят эле, кыргызым... Таштанды салчу чака деген бар... Кийинкиде эрикпей ала барып ошол жакка ыргыткыла... Макулбу?"

"Мына биздин маданияттуулугубуз. Бул деген накта маңкурттук. Ошол адамдар өз үйлөрүндө да ушинтип жашашат өңдөнөт", - деген пикирлерин жазышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД