Дайынсыз болуп жаткан Айжамал Паизова изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Айжамал Паизова изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун 19 жаштагы тургуну Айжамал Паизова 21-июлда саат 05:00дөр чамасында аталган райондун Сафаровка айылынан күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн себепсиз чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 155-160 см, өңү ак жүздүү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак жоолук, бутунда күлгүн түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Айжамал Паизова тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо (03748) 5-02-09, 0550 31-31-22, 0777 80 65 68 номерине кабарлап коюну укук коргоо органдары өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД