БШК Бишкек кеңешине кайра шайлоо боюнча арыздарды карап жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн 26-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоого байланыштуу маселелерди карап жатат.

Күн тартибинде "Социал-демократтар" саясий партиясынын Бишкек аймактык комиссиянын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечими боюнча арызы, "Ынтымак" саясий партиясынын аймактык комиссиянын чечимине каршы даттануусу жана Бишкек комиссиясынын шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколу тууралуу маселелер бар.

Жыйында шаардык милициянын өкүлү билдиргендей, 11-июлдагы кайра шайлоого байланыштуу жалпысынан 65 маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 12 факт боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, алардын экөөнүн негизинде Жазык кодексинин 192-беренеси ("добуш сатып алуу") менен иш козголгон.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул шаарларда кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган үч шаардагы кайра шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялай элек.

Бишкекте өткөн кайра шайлоодо алты партия босого чектен өткөн. Алар - "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан, "Ишеним", "Ынтымак", "Социал-демократтар" жана "Өнүгүү-Прогресс".

"Социал-демократтар" партиясы "Эмгекти", "Ишенимди" жана "Өнүгүү-Прогрессти", ал эми "Ынтымак" партиясы "Эмгек" менен "Өнүгүү-Прогрессти" шайлоодон четтетүүнү суранган. +


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД