Олим оюндары: Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Токиого жөнөп кетишти

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Токиого жөнөпкетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балбандар менен бирге Токиого улук машыктыруучу улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев учуп кетти.

Кыргызстандык балбандардын килемге чыгуу күндөрү:

[b]Жоламан Шаршенбеков[/b] (60 кг) 1-августта саат 08:00;

Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) 2-августта саат 08:00;

Атабек Азизбеков (87 кг) 3-августта саат 08:00дө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД