Коронавируска каршы 72 миңден ашык киши эмделди

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 вирусуна каршы 755 адам эмделди. Вируска каршы күрөшкөн республикалык штабдын 24-майдагы маалыматына караганда, жалпы эмделгендердин саны 72 173 киши болду.

Алардын 22 876сы вакцинанын эки дозасын тең алышты. Бишкек шаары эмделгендердин саны боюнча биринчи орунда туруп, 18 662 кишиге вакцина сайылса, экинчи орунда Ош облусу 10 371 адам менен турат.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Өлкөгө Кытайдан 75 миң, Орусиядан 20 миң доза вакцина келген. Орусиянын "Спутник V" вакцинасы 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорусу барларга сайылып жатат.

Ал эми кытайдын "Sinopharm" вакцинасын каалоочулардын баары алууда.

Июнь айында өлкөгө "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы келери күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД