Бишкектин вице-мэри Бишкек – Ош жолунда жол кырсыгына кабылды

26-июлда болжол менен эртең мененки саат 6ларда Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына караганда, унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев болгон, ал жана дагы эки жүргүнчү райондук ооруканага жаткырылды, ошондой эле дагы бир жүргүнчү К.Т. жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Айдоочу М.А. жабыркаган эмес.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүрүп жатат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД