Бишкекте быйылкы окуу жылы онлайн же оффлайн режимде өтөрү азырынча белгисиз.
Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында айтты.
Ал маселе эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чечилерин, Республикалык штабдын чечими күтүлүп жатканын кошумчалады.
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын куруп, шаарда аткарылып жаткан иштер, пландар тууралууу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.