Сот Асылбек Жээнбековду 30-сентябрга чейин камакта калтырды

Бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчүн карады.

Сот Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга, тактап айтканда 30-сентябрга чейин узартты.

Судьянын "өзүн күнөөлүү деп эсептейби?" деген суроосуна Жээнбеков "таптакыр күнөөлүү эмесмин" деп жооп берди.

Биринчи май райондук сотунун жанына А.Жээнбековдун тарапташтары да чогулду.

Депутат А.Жээнбеков 2012-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда "Кумтөрдү" текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын иши боюнча кармалган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.Жээнбеков жана Т.Зулпукаров 2021-жылы 31-майда УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынган.

УКМК билдиргендей, "Кумтөр" кенин иштетүү долбоорунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды тергөө иш-аракеттерин улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД