Судьяларды тандоо кеңеши Садыр Жапаровго Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторундагы бош кызмат орундарына дайындоо үчүн 6 талапкерди сунушталган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров бардык 6 талапкерди жактырды.
Ошондуктан мамлекет башчысы аларды судьялык кызматтарга дайындоо жөнүндө жарлык чыгарды.
6 судья дайындалган жергиликтүү соттор:
- Ысык-Көл облусу:
Ак-Суу райондук сотуна Маматкулов Русланбек Темиркулович;
Балыкчы шаардык сотуна Мамбетова Чинара Сталбековна дайындалды.
- Чүй облусу:
Аламүдүн райондук сотуна Чоткараев Тилек Устабаевич дайындалды.
- Талас облусу:
Талас облустук сотуна Султаналиева Айнура Кенжебековна дайындалды.
- Баткен облусу:
Баткен облустук сотуна Пазылов Мамасаит Мамытович дайындалды;
- Бишкек шаары:
Биринчи май райондук сотуна Жумагулова Жылдыз Таалайбековна дайындалды.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.