Ырчы Самара Каримова жол кырсыгына кабылды

Бишкек - Ош жолунун Токтогул районунун аймагында автоунаа менен баратып кырсыктагандардын арасында ырчы Самара Каримова да болгон. Маалыматты Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады.

Автоунааны ырчынын күйөөсү Асан Мансуров айдап бара жаткан. Буга чейин аталган кырсыктан Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жаракат алганы кабарланган эле.

Кечээ, 26-июлда, таңкы саат 6:00дөр чамасында Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, жол четиндеги тосмону сүзүп алган. Алар Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан.

Милициянын маалыматы боюнча, Самара Каримова жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Унаанын ичинде жалпы беш жүргүнчү болгон. Алар ар кандай жарааты менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Айдоочу эч кандай жаракат алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД