Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин адистери бир жылдын ичинде картошка менен сабиздин баасы кандай өзгөрүлгөнүн талдап чыгышты. Бул тууралуу маалымат аталган агенттиктин 2021-жылдын 21-июлундагы баа жагдайы боюнча баяндамсында берилген
"Картошканын баасы арзандап бара жатат, бирок өткөн жылдын ушул мезгилиндей болгон жок",-деп айтылат баяндамада.
Эгерде 2020-жылдын 15-июлунда картошканын 1 килограммы 22,7 сом болсо, быйыл анын баасы 33 сомдон сатылып жатат.
Жаңы түшүмдүн чыкканына байланыштуу сабиздин баасы дагы турукташты. Былтыр 15-июлга карата сабиздин баасы 19,6 сомдон сатылган, быйыл 15-июлда анын баасы 78,1 сомдон бааланды.
Ал эми 21-июлга карата 60,9 сомго чейин арзандады.