Манасчы Сагымбай Орозбаков тууралуу тасма тартыла баштады

Манасчы Сагымбай Орозбаков тууралуу "Сагымбай манасчы" аттуу тасма тартылууда. Бул тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясы билдирди.

Тасманын режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Операторлук ишти Санжар Абдыжапаров аткарууда.

Тасма Ысык-Көл облусунда тартылууда.

Сагымбай Орозбаков 1867-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. 1930-жылы каза болгон. Жаш кезинен тарта Манас айта баштаган. Ал Кыргызстандын залкар манасчыларынын бири болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД