Ош шаарындагы маршруттук таксилердин техникалык абалдары текшерилүүдө

Ош шаарынын аймагында жол транспорттук кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо үчүн Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн Техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы автобекеттерде шаардан сырткаркы жана шаар ичиндеги маршруттук каттамдардагы маршруттук таксилердин техникалык абалдары текшерилди. Андан сырткары, шаар аймагынан сырткары чыккан учурда унаанын техникалык абалын көзөмөлдөн өткөрүп, орундуктан ашыкча жүргүнчү албоо жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдө жол эрежелерин так сактоо боюнча атайын эскертүү баракчалары таркатылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен бирге эле Ош-Бишкек каттамындагы такси айдоочулары жолго чыгуудан мурда эс алып, ылдамдыкты ашырбай айдоолору эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД