Бишкектиктердин электр энергияга болгон карызы 12 млн сомдон ашты

"Түндүкэлектр" электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму Бишкекте дебитордук карыз үчүн 2,3 миңден ашуун абонентти дистанциялык түрдө өчүрөт, алардын карызы 12 миллион сомдон ашканы маалым болду.

Буга байланыштуу компания абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. Ыңгайлуулук үчүн "Түндүкэлектр" уюлдук тиркемесинин функциялары, ошондой эле бөлүштүрүүчү компаниялардын сайтында "Абоненттердин балансы" бөлүмү иштейт, анын жардамы менен бардык абоненттер, анын ичинде үй тиричилик жана өнөр жай абоненттери каалаган убакта жеке эсеп абалын көрө алышат.

Ошондой эле, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген "Түндүкэлектр" колл-борборуна 1209 номерине чалып же 0551001209 WhatsApp номерине билдирүү жазып, билип алса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД