ЖКнын депутаттары бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугат

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугат. Бул туурасында парламенттен билдиришти.

Маалыматты Sputnik Кыргызстанга эл өкүлү Айсулуу Мамашова да ырастады.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Жапаров Масадыковду кабыл алып, аны кызматка дайындаган максатын түшүндүрдү

Жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Мамашова ага чакыруу келгенин, бирок эмне маселе караларын билбей турганын айтты.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД