Олимпиада: Денис Петрашов жарым финалга чыга алган жок

Токиодогу Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкка (брасс стилинде) жарышта кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалга чыга алган жок.

Кыргызстандык суучул өз тобунда 2:10,07 убакыт менен биринчи келди. Бирок финалга чыккан 16 спортчунун катарына кире алган жок. Ал жалпы жыйынтык боюнча 18-орунду ээледи.

Жарышка 40 спортчу 5 топко бөлүнүп жарышкан.

Буга чейин Петрашов 100 метр (брасс стилинде) аралыктагы жарышка катышып, бирок жарым финалга чыга алган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД