УКМК: Бабановдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу камактан чыгарылды

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, Бабановдун баш коргоо чарасын узартуу маселесин кароо учурунда анын ден соолугу начарлагандыгын жана чет жердеги медициналык мекемеде дарылануусун талап кылган оорулары бар экенин тастыктаган документтер алынган. Ага байланыштуу бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук соту тарабынан Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, чет жерге дарыланууга чыгуусуна уруксат берилген.

УКМК "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатканын жана ал иште Бабанов шектүү экенин белгилейт. Учурда ал ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД