Ысык-Көлдө аквапарктын түтүгү 18 жашар баланы сордуруп кетти

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында катталган адам өлүмүнө байланыштуу райондук милицияда сотко чейинки териштирүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 27-июлда болгон.

Көлдөн пансионаттын аквопаркына суу толтурулуп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк 18 жаштагы баланы сордуруп кеткен. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар барып, түтүктү кескенде гана алып чыга алышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган бала көлгө кесиптештери менен эс алуу үчүн Бишкектен барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД