Быйыл жарым жылда Кыргызстанда жол кырсыктарында 329 киши каза болду

Быйыл жарым жылда Кыргызстанда 3 миң 396 жол кырсыгы катталып, аларда 329 киши каза болду. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исралиев билдирди.

Ошол эле учурда жол кырсыктарынын айынан 5 миң 70 адам жаракат алган.

"Жол кырсыктарынын көп болушу бир нече жагдай менен байланыштуу. Алардын 80-85% учурунда башкы себеп адамдык фактор болууда. Башкача айтканда, айдоочу кетирген ката, жол эрежесин тоотпогондук, унааны ойноп айдоо. Мунун баары жол кырсыктарына алып келүүдө", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД