Айсулуу, Айпери жана Мээрим Олимпиадага катышуу үчүн Токиого сапар алды

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.

Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев узатышты.

Спортчулардын таймаша турган күнү:

- Айпери Медет кызы 1-августта саат 08:00дө Токио Олимпиадасындагы биринчи мелдешин өткөрөт;

- Мээрим Жуманазарова 2-августта саат 08:30да күчүн сынайт;

- Айсулуу Тыныбекова 3-августта саат 8:30да килем үстүнө чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД