Эртең Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы алып келинет

Эртең, 29-июлда, Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Препаратты "Манас" аэропортунан тосуп алуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, эл аралык уюм жана дипломатиялык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Вакцина COVAX программасынын алкагында берилет.

Бул программанын алкагында эмдөө үчүн керектелүүчү материалдар, 423 миң шприц жана аларды коопсуз жайга салуу үчүн дээрлик 4 миң атайын кутуча апрель айында келип түшкөн.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖМКлардын бирине республикага 226 миң доза AstraZeneca алып келинерин айткан. Министрлер кабинети дозанын так санын айткан жок, деген менен ал ири көлөмдө экенин белгиледи.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД