Борборго 65 метрлик "Бишкек Тауэр" мунара куруу сунушталды

Бишкек башкы архитектура муниципиалдык ишканасы бийиктиги 65 метрлик мунара куруу идеясын калаа башчылыгына сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов "Азаттыкка" кабарлады.

"Биз үлгүсүн даярдап, калаа башчылыгына сунуштадык. Балким бул долбоорго жеке тараптар да кызыкса, эс алуучу жай курулушу мүмкүн".

Мунаранын үлгүсү жөнөкөй архитектуралык ыкма менен чийилген. Башына түндүк орнотулат.

Мунарага кафе, эс алуучу жай сыяктуу объектилерди кошсо болот. Аны баш калаанын түштүк тарабына орнотуу каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД