Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти. Бул тууралуу Маликов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал саламаттыгына байланыштуу кызматтан кетүүнү чечкен.
Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп 2020-жылы 21-августта дайындалган.
Ал эл аралык жана жергиликтүү журналдардын редактору, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.
БИЛИМИ:
1992-1993-жылдары Азирети Умар атындагы Ислам институтунда диний билимге ээ болгон.
1995-1996-жылдары Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн.
1997-2005-жылдар аралыгында Иордания өлкөсүндөгү Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган.
2004-2005-жылдары Испанияда "Complutense de Madrid" университетинин атайын курсунан билимин жогорулаткан.
2007-жылы Испаниянын "Autonoma" унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
− 2001-жылы Иорданиянын Амман шаарында соттук корпуста иштеген.
− 2002-2003-ж.ж. КР Маданият министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүндө башкы адис.
− 2006-2008-ж.ж. Кыргыз-Орус Славян университети, улук илимий кызматкер.
− 2010-2012-ж.ж. КР ГСКН, Байкоочу кеңештин мүчөсү.
− 2009-2013-ж.ж. КР ИИМ министринин коомдук кеңешчиси.
- 2017-2020-ж.ж. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.
− КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык Академиясынын и.о. доценти.
- "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору.