Жапаров жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Садыр Жапаров өзүнүн Instаgram баракчасы аркылуу жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Анын айтымында, акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандардын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат.

"Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар!", - деп жазат өлкө башчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД