Жапаров өлкө экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкө экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоорун Жапаров Экономика жана фискалдык саясат комитетинде алып чыкты. Анын айтымында, мындай сунуш киргизүүгө дагы деле коркунуч жаратып турган пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири себеп болду.

Министр түшүндүргөндөй, бул режим салыктардын ставкасын өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүүгө шарт түзөт.

"Биз элдин нааразы болуп митингге чыгышын күтүп отурбай эле алдын ала экономикага жөлөк боло турган чараларды көрсөк болот. Өтө зарыл учурда бюджеттин чыгаша жана кирише бөлүгүн 10 пайызга чейин өзгөртүп, кийин оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатабыз", - деди Жапаров.

Министр өзгөчө кырдаал режимин үч айга киргизүүнү сунуштоодо. Болгону президент жалпы экономика камтылабы же кайсы бир тармактаргабы өз жарлыгы менен аныктап бериши керек.

Жыйынтыгында комитет концепциясын колдоп берди. Бирок долбоордо депутаттардын сунуш-пикири эске алынышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД