Шайлоо алдында каттоодон өткөн партиялар да ЖК шайлоосуна катыша алат

Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңеште "Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Мыйзам долбоорун президент демилгелеген.

Депутат Алтынбек Сулаймановдун айтымында, бул мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиялар шайлоо күнү белгиленгенге чейин алты ай мурда каттоодон өткөн болушу керек дегеп талап алынды.

"Шайлоо бүгүн жарыяланган болсо, кечээ күнү каттоодон өткөн партия дагы шайлоого катыша алат", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД