Парламенттик шайлоо ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн

Парламенттик шайлоо ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин жыйынында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-июлда депутаттар "Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо. Мыйзам долбоорун президент демилгелеген.

Жыйында депутат Жанар Акаев Шайлдабековага: "Парламенттик шайлоонун болжолдуу убактысы белгилүүбү?" - деген суроо узатты.

"Азыркы мыйзам боюнчашайлоо октябрь айынын биринчи демалыш күнүндө өтөт деп каралган. Биз мыйзам долбоорунда октябрдын акыркы демалыш күнү деп сунуштаганбыз. Бирок депутаттардын сунушу менен мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилсе, шайлоону уюштурууга көбүрөөк убакыт керек болот", - деди Шайлдабекова.

Андан соң Акаевдин: "Шайлоо ноябрь айынын аягында өтүп калышы мүмкүнбү?" - деген суроосуна төрайым: "Ооба", - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД