Казакстан Кыргызстанга өздөрү өндүрүп чыккан вакцинанын 25миң дозасын берди

Кыргызстанга Казакстандан гуманитардык жардам катары коронавируска каршы "QazVac" вакцинасынын 25 миң дозасы алынып келди.

Аны тапшыруу аземи Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде өттү. Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев жана вакцинаны ойлоп чыккан Казакстандын биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү катышты.

"Казак вакцинасынын биринчи партиясын алып келүү иши президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен уюштурулду. Вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө эки өлкөнүн президенттери макулдашкан", - деп белгиледи элчи.

1

3

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев казак элчисине ыраазычылык билдирип, бул доза 12,5 миң адамга жетерин айтты.

"QazVac" вакцинасын ойлоп тапкандардын бири Ергали Абдураимовдун айтымында, аталган вакцина менен 18 жаштан өткөн адамдарды эмдөө сунушталат. Биринчи дозасын алгандан 21 күн өткөндөн кийин экинчи дозасын алыш керек.

"Бүгүнкү күндө бул вакцина менен Казакстандын 300 миңден ашуун жараны эмделди. Жүйөөлүү кесепеттери катталган жок", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД