Сулумбек Узеналиев Талас облусунун мусулмандар казысы болуп дайындалды

Сулумбек Узеналиев Талас облусунун мусулмандар казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду. Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев жаңы дайындалган Талас облусунун мусулмандар казысын жалпы эмгек жамаатка тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, Талас облусунун мурдагы казысы ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

Узеналиев Сулумбек Дилдебекович 1977-жылдын 29-майында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген.

1983-1994-жылдары Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылындагы орто мектепти аяктаган.

1994-1998-жылдары Талас облусундагы "Али ибн Абу Толиб" медресесин бүтүргөн.

1998-2000-жылдары Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" Ислам институтунун шарият факультетин ийгиликтүү аяктап, 2004-жылга чейин Горган шаарында билимин жогорулаткан.

2012-2014-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетинде магистр.

2019-жылдан тарта И. Арабаев атындагы КМУде аспирант. келет

2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим.

2021-жылдын 26-июнунда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бекитилген.

2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин имамдык кызматты аркалап келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД