Орусиянын аймагына кирүү үчүн Кыргызстандын жарандары сөзсүз вакцина алышы керек деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда 2021-жылдын 7-июлунда Орусиянын Башкы санитардык врачынын токтому белгилеген эрежелерине ылайык өлкөгө кирип-чыгуу жүргүзүлөт.
Ага ылайык, 2021 жылдын 10-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандары Орусиянын аймагына кирээрде, 72 сааттан кеч эмес жасалган ПЧР-тесттин жыйынтыгын "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүүлөрү зарыл.
Ал эми чет өлкөдөн келген Орусиянын жарандары келгенден үч күндүн ичинде ПЧР-тест тапшырып, жыйынтыгы чыкканча жашаган жери боюнча обочолонушу (изоляция) керек.
Эгерде Мамлекеттик кызматтар боюнча, вакцинациялангандыгы (12 айга жарактуу) же ковид-19 менен ооругандыгы (6 айга жарактуу) тууралуу электрондук сертификаты болсо, анда ПЧР-тест талап кылынбайт.