"Манас" аэропорту тарыхындагы рекорддук киреше түшкөнүн кабарлады

"Манас эл аралык аэропорту" ААКнын 2021 жылдын 6 айындагы финансылык көрсөткүчү компаниянын тарыхындагы эң ийгиликтүү көрсөткүч болду. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 2021 жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 млрд 657 млн 936 миң. сом өлчөмүндө киреше тапты. Бул "МЭА" ААКнын тарыхында ийгиликтүү эсептелген 2019 жылдын жыйынтыгынан 606 млн 609 миң сомго ашты.

2019 жылы 6 ай ичиндеги киреше 2 млрд 384 млн 630 миң сомду, 2020 жылы - 1 млрд 720 млн 332 миң, ал эми бул жылы - 3 млрд 191 млн 666 миң сомду түздү.

Жалпы киреше 3 млрд 191 млн 666 миң. сомду, анын ичинде авиациялык ишмердүүлүктөн киреше 2 млрд 881 млн 295 миң сомду түздү. 2019 жылга салыштырмалуу киреше жалпысынан 34% көбөйгөн.

"Биз каттамдардын санын көбөйтүп тим болбостон, буга чейин Кыргызстанга учпаган жаңы авиакомпанияларды тарттык. Буга чейин авиаташуу жүргүзүлбөгөн жаңы өлкөлөргө жана шаарларга каттамдар ачыла баштады", -деди "МЭА" ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.

Ошондой эле Орусия багыты боюнча, бүгүнкү күндө бардык, анын ичинде миллиондогон эл жашаган чоң шаарлар - Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермь, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний-Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень жана башка шаарларга аба каттамдар аткарылууда.

Түркстанга (Казакстан) жаңы каттам ачылса, Шарджа, Кувейт жана Мешхедге (Иран) көптөн берки тыныгуудан кийин кайтадан учуулар жанданды.

Жаңы авиакомпаниялар "Северный ветер" жана "Россия" "МЭА" ААК менег кызматташып, Орусиянын чоң шаарларына түз каттамдарды камсыздашууда, ошондой эле казакстандык лоукостер "ФлайАрыстан" да жаңы компаниялардын санын толуктады.

Ошондой эле компания республика ичинде авиакаттамдардын санын көбөйттү. Мисалы, "Баткен" жана "Исфана" аэропортторуна жумасына 3 ирет каттамдар жүргүзүлүүдө, ошону менен жүргүнчүлөрүбүз өлкөнүн алыскы аймактарынан борборго 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД