Жалал-Абадда бир күндө 26 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абадда бир күндө 26 мас айдоочу кармалып, 500 миң сомго чукул айып салынды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн үгүт- насаат иштери боюнча инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда "Тартип" аталыштагы рейдтик иш-чара башталып бир сутка ичинде 26 мас айдоочу кармалып, 455000 сомдук айып пул салынды.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан, Жалал-Абад ОИИБдин тийиштүү тескемесинин жана иш-мерчеминин негизинде, Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун ошондой оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнүнөн 1-август күнүнө чейинки аралыкта "Тартип" аталыштагы рейдтик иш-чара башталды.

Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын ӨРнын жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар түнкү мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барышмакчы.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнү сутка аралыгында, жалпы облус аймагында 320 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталып анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД