Нарын жана Талас облустарына жаңы казылар дайындалды

Нарын жана Талас облустарына жаңы мусулмандар казылары дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койгон.

Нарын облусуна казы болуп Эрик ажы Молдокулов келген. Мурдагы казы Маметасан ажы Ибраев ден соолугуна байланыштуу арыз жазып, кызматын тапшырган.

Ал эми Талас облусунун казысы болуп Сулумбек ажы Узеналиев дайындалган. Узеналиевди эмгек жамаатына муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган.

Талас облусунун мурдагы казысы да ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД