Жанар Акаевдин "Курал берүү тууралуу" мыйзам долбооруна түшүндүрмөсү

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште коомдук талкууга коюлган "Чек ара ыйгарым укуктуулары" тууралуу мыйзамга депутаттардын тобу өзгөртүүнү сунуштаганын билдирди.

"Жакында эле депутаттар Абдывахап Нурбаев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев баштаган депутаттар тобу "Чек ара ыйгарым укуктуулары" тууралуу мыйзамга өз сунушубузду киргиздик.

Ток этери, биз башкалар тарабынан кечээкидей агрессия же куралдуу жаңжал чыкса, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мам.органдын уруксаты менен чек ара ыйгарым укуктууларга (ошол жерде жашаган) ок атуучу аскердик курал аныкталган тартипте берилиши керек деп жатабыз. Бул башка өлкө менен чектеш жашаган элдин баарына курал таратылат дегенди түшүндүрбөйт. Мыйзамга так жазып жатабыз, жылына эки иреттен кем эмес атайын окутуу болот, даярдыктан өтөт, куралды алып жүрүү жана пайдалануу боюнча адистешкен, тандалган адамдарга гана берилет. Алардын өмүрү, саламаттыгын камсыздоого мамлекет кепилдик берет. Буга чейин да чек аралаш айылдарда мурда аскерде кызмат өтөгөн же маалыматы бар адамдар биздин тиешелүү органдар менен кызматташып келген, биз алардын укуктарын кеңейтүү керек деп сунуштадык. Мындай практика башка өлкөлөрдө да колдонулат. Бул биз Баткенге барганда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда жашоочулар тарабынан айтылган сунуш болчу", - деп жазган депутат Акаев.

Ошондой эле ал чек араны, жерди, элди мамлекет коргойт, сактайт, бирок бул сунушталган долбоор да учурда зарыл болуп турганын кошумчалап өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД