бир суткада 15 966 адам коронавируска каршы эмделди

Өлкө боюнча бир суткада 15 966 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, кечээтен бери 14 544 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 1 422си экинчи дозасы менен эмделген.

Кимдер COVID-19га каршы кайра эмдөө алышы керек? Дарыгердин түшүндүрмөсү

Жалпысынан Кыргызстанда 395 515 адам коронавирустун биринчи дозасын алса, 113 041и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

Учурда Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар салыштырмалуу азайып бара жатканы айтылды. Анткен менен медиктер, адистер элди COVID-19га каршы вакцина алуу зарылдыгын эскертүүдө. Мындай кайрылууну бүгүн президент Садыр Жапаров да жасаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД