Кыргызстандын "Көл" тасмасы Казандагы фестивалга катышат

"Көл" тасмасы Казандагы эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Тасма фестивалдын "Орусия - Ислам дүйнөсү" программасына киргизилген. Кыргызстандык тасма менен бирге ал программага Казакстан, Иран, Азербайжан, Малайзия, Нигерия, Түркия жана Судандын кинолору тандалып алынган.

Жеңүүчү тасмага "Ислам дүйнөсүндөгү маданияттар диалогу үчүн" деген атайын сыйлык жана 300 миң рубль берилет.

Казандагы фестиваль 5-10-сентябрь күндөрү болуп өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД