ИИМ: Калаа тургунун карактоого шектүү жаран кармалды

Каракчылыкка шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 27-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Х.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Маалым болгондой, арыз ээси түнкү 3:00 чамасында шаардагы Киев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринен чыгып келатканда аны чала тааныш бир жигит бычак такап коркутуп, Iphone 6 S үлгүсүндөгү 10 миң сомдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, шектүүнү колго түшүрүү иштери башталган.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү 1998-жылы туулган Р.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД