Жыл башынан бери 7 миңден ашуун жаран акысыз адвокаттын кызматын алды

Жыл башынан бери 7 миңден ашуун жаран акысыз адвокаттын кызматын алды. Бул тууралуу маалымат жыйында Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу кепилденген юридикалык жардам алган жарандардын саны 50-60 пайызга өскөн.

"Бул биздин жана Юстиция министрлигинин маалымат берүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын жана ай сайын борборлорго кайрылган жарандардын саны өсүп жаткандыгын айгинелейт. Бирок биздин милдет - көрсөтүлгөн юридикалык жардамдын санын эмес, сапатын жогорулатуу", - деди ал.

Ал ошондой эле адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасы да иштеп жатканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД